Алтын куйма саткан дүкөн ачылды. Президент байлардын тилеги орундалганын айтты

Жаңы ачылган дүкөндө баа Лондондогу баалуу металлдар биржасына карап күн сайын жаңыланып, паспорт талап кылынбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "Кыргыз алтын" компаниясы Бишкекте алтын куймаларын саткан дүкөн ачты. 30-августа анын ачылышында мамлекет башчы Садыр Жапаров бул жерде алтын сатууда паспорт талап кылынбасын айтып, себебин түшүндүрдү.
1 / 2

"Кыргыз алтын" компаниясы Бишкекте алтын куймаларын саткан дүкөн ачты

2 / 2

30-августа анын ачылышында мамлекет башчы Садыр Жапаров бул жерде алтын сатууда паспорт талап кылынбасын айтып, себебин түшүндүрдү

"Улуттук банк паспортсуз алтын сатпайт. Мага бизнесмендер, байлар кайрылды. Алар "биз 10 же 100 килограмм алтын сатып алсак паспорт сурашат. Паспортту берсем элдин баары билип, үйүмдү аңдыгандар пайда болот. Анда иш кылбай эле алтын кайтарып жатышым керек болот" деп айтышууда. Мына ошолордун тилегин орундатуудабыз", — деди өлкө башчы.
Аталган дүкөн Абдымомунов көчөсү, 195 дарегинде жайгашып, шаршемби — жекшемби аралыгы саат 10дон 19га чейин иштейт. Анда 1, 2, 10 жана 20 граммдык куймалар бар. Жакында 5 грамм, 31,1 грамм (1 унция), 50 жана 100 граммдык куймалар чыгарылары айтылды. Куйманын ар биринде QR-код бар. Баа Лондондогу баалуу металлдар биржасына карап күн сайын жаңыланат.
Алтындын унциясы 3 000 долларга чыгышы мүмкүн. ЧЭФте жасалган божомол