Алтындын унциясы 3 000 долларга чыгышы мүмкүн. ЧЭФте жасалган божомол

Учурда Нью-Йорктогу Comex биржасында алтындын трой унциясы (31,1 грамм) 2 500 доллардан сатылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Алтын 1,5-2 жылда кымбаттап, бир трой унциясы 3000 долларга чейин чыгышы мүмкүн. Мындай пикирин "Селигдар" холдингинин президенти Александр Хрущ Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумунда РИА Новостиге айткан.
Учурда Нью-Йорктогу Comex биржасында алтындын трой унциясы (31,1 грамм) 2 500 доллардан сатылууда.
"Эгерде алтындын бир унциясы жыл аягында 2 600 долларга чыкса таң калбайбыз деп айта алабыз. Себеби учурда анын наркы 2 500 долларга чейин болуп жатат, негизи андан өйдөлөшү мүмкүн. Жакынкы 1,5-2 жылда 3 000 долларга чейин чыгарын түшүнүп турабыз. Мунун баары дүйнөдөгү жана биздин өлкөдөгү макрокырдаалга жараша болот", — деди Хрущ.
Анын айтымында, дүйнөлүк экономикадагы чайпалуу жана инфляция, коюмдар боюнча белгисиздикти жараткан учурлар уланып турган чакта алтындын баасы өсө берет.
Владивосток шаарында Чыгыш экономикалык форуму 6-сентябрга чейин болот.
Sputnik — аталган форумдун башкы маалыматтык өнөктөшү.
Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы кайра төмөндөдү