"Жооп болот". АКШнын россиялык ЖМКларга салган санкциясы тууралуу

Дипломат "Россия сегодня" медиатобуна салынган АКШнын санкцияларына Москва жооп даярдап жатканын четке каккан жок.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Россиялык ЖМКларга киргизилген АКШнын санкциялары — Батыштын атайын кызматынын маалымат айдыңын тазалоо аракети. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Дароо эле айтып коеюн, АКШнын бул жана башка басым, кысымдары алардын атайын кызматынын улуттук, келечектеги дүйнөлүк маалымат айдыңын ой жүгүртүүлөрдүн башкача формаларынан тазалоо үчүн дыкаттык менен жасалган иштеринин жыйынтыгы", — деди Захарова.
Расмий өкүл Вашингтон бул чектөөлөрү менен өтө эле ашынып кеткенин белгиледи.
"Ашынып кетишти, россиялык журналисттерге, медиакорпорациянын башкы редакторлоруна карата жасалган аракеттер бул сапар таң каларлык болду. Ал тургай америкалык бийлик өзү кабыл алган чечимдерин толугу менен айта албай коюшту", — деп кошумчалаган Захарова.
Бул АКШлыктардын өздөрүнө да маалым болбогон кандайдыр бир гибриддик система деген пикирин айтты.
"Санкциянын жарымы — америкалык колдонуучулардын, уюмдардын, түзүмдөрдүн өздөрүнө да маалым болбогон кандайдыр бир гибриддик система. Тагыраагы, кайсы бир бөлүгү айтылган, ал эми кайсы бир бөлүгү аягына чейин иштелип чыга элек, дагы бир жерде топ-топ кагаз болуп жатат",— деп белгиледи Захарова.
Дипломат "Россия сегодня" медиатобуна салынган АКШнын санкцияларына Москва жооп даярдап жатканын да айтты.
"Бул нерсе башынан аягына чейин иштелип, даярдалат. Болгону муну тактап, дааналап, аныктап алуу керек", — деген расмий өкүл.
Эске салсак, АКШнын финансы министри атайын россиялык медиакаражаттар боюнча билдирүү жасаган. Анда "Россия сегодня" медиатобуна, РИА Новости, Sputnik, Ruptly, RT телеканалына каршы санкция салынып жатканы айтылган. Бул чектөөлөр "Россия сегодня" жана RT башкы редактору Маргарита Симоньян жана бир катар топ-менеджерлерге да киргизилген.
ЖМК: Россияга салынган санкция майнапсыз болуп, кесепети ЕБге тийиши мүмкүн