6-сентябрга карата аба ырайы

6-сентябрга караган түнү өлкөнүн аймактарында жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жума күнү күндүз республиканын тоолуу райондорунда жаан жааса, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +18…+23, Талас аймагында +16…+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын өрөөнүндө +23…+28 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +21…+23 жана Ош шаарында +28…+30 градуска жетет.
Радио
Ысык-Көлдө ревматологдордун VII евразиялык конгресси өтөт