“Таш” тасмасы кантип тартылды?

Sputnik
Бул ирет «Стоп кадр» программасында биз “Таш” аттуу фильм тууралуу кеп кылдык. Тасманын режиссеру Айчүрөк Борукеева кинонун сценарийи 2013-жылы жазылганын, тартуу иштери да дээрлик 10 жылдай убакытты алганын айтты. Режиссердун айтымында, аталган фильм бир жылдай убакыттын ичинде Россия, Европа, АКШ ж.б өлкөлөрдөгү абройлуу кинофестивалдарга катышып, сыйлыктарды багындырууга жетишкен.
Эфир жүрүшүндө тасма төрт линия боюнча кетери айтылды. Мындан сырткары, Борукеева бул фильм туризмди да өнүктүрөөгө салым кошорун белгилеп өттү.