Кыргызстан балык экспорттун көбөйтүүнү көздөөдө — максат менен мүмкүнчүлүктөр дал келеби?

Sputnik
Кыргызстанда балык чарбасы жылдан-жылга өнүгүп, арышын улам кенен таштап жаткан учур. Азыр жада калса той-топурларда деле балык дасторкондун үстүнө коюлуучу кадимки тамак-аштын бири болуп калды. Кыргыз бийлиги айыл чарбасын өнүктүрүүнө көздөп, жасап жаткан аракети дал ушул балык чарбасын дагы камтыйт. Анда балык чарбаларды көбөйтүү, керектүү ишканаларды түзүү, экспорттун көлөмүн өстүрүү жаатында пландар коюлган.
Биз Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр-жай комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акбаралы уулу менен Кыргызстандагы балык чарба жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маектештик.