Жол куруучу адистерди даярдоого кандай көңүл бурулууда?

Sputnik
Кыргызстан тоолуу аймакта жайгашкан. Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуунун 95 пайыздан ашыгы автомобиль жана жарым-жартылай темир жол транспорту менен жүзөгө ашырылат. Ошондуктан республикага автотранспортторду техникалык жактан тейлөо, эксплуатациялоо, автомобиль жолдорун жана темир жолдорду куруу боюнча адистерди даярдоо зарыл.Бүгүнкү күндө жол куруу тармагына кадрларды даярдоо иши кандай жүрүп жатканын Кусаин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин директору Майрамбек Долотов айтып берди.