БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеште депутат Исхак Масалиев Россияга колдоо көрсөтүү жолдорун карап чыгууга чакырды.
Анын айтымында, буга чейин аскердик аракеттер Россиянын ички иши болуп келсе, соңку убакта кырдаал өзгөрүүдө.
"Эки жылдан бери Россия менен Украинанын ортосунда аскердик аракеттер, согуш болуп жатат, ачыгын айтканда. Бүгүнкү күнгө чейин бул Россиянын ички иши болуп келген. Соңку айда 15 облуска (Россиянын) ракеталык соккулар жасалууда. Ошол жерде (Россияда) миллионго чукул мекендешибиз иштеп жүрөт. ЖККУ боюнча союздашпыз. Керектүү колдоо боюнча маселени кароо керек", — деди Масалиев.
Ошондой эле ал айрым өлкөлөр Кыргызстанды Россияга каршы коюу аракетин көрүп жатабы деген суроону дагы салды.