Садыр Жапаров дүйнө чемпионатынан байгелүү кайткан жаш балбандарды сыйлады

Төрт жеке машыктыруучуга 100 миң сомдон, эки улук машыктыруучуга 150 миң сомдон берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 4-сентябрда, "Ынтымак ордодо" өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта (U17) байгелүү орундарды ээлеген балбандар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Садыр Жапаров бүгүн, 4-сентябрда, "Ынтымак ордодо" өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта (U17) байгелүү орундарды ээлеген балбандар менен жолугушту

2 / 2

Өлкө башчы быйыл Кыргызстандын спортчулары үчүн жемиштүү жыл болгонун белгиледи

Өлкө башчы быйыл Кыргызстандын спортчулары үчүн жемиштүү жыл болгонун белгиледи.

"Өлкө намысын талашкан эр-азаматтар килем үстүндө чеберчилигин гана көрсөтпөстөн, кыргыздын айкөлдүгүн дагы дүйнө жүзүнө даңазаладыңар десек жаңылышпайбыз. Катуу мертинип калган атаандашына кол сунуп, килемден көтөрүп чыккан Өмүрбек уулубуз жөнөкөйлүк жана кыргыз пейили кандай болорун айгинеледи. Чынында эле биздин балбандарыбыз атаандашын алып тынмайынча жазбаган көктүк мүнөз менен күрөшөт. Анан мен уттум деп айгай салбай жеңишин кыргыз элине, ата мекенине арнашат", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле спортчуларды ар кандай чөйрөлөргө, криминалдарга, саясий оюндарга аралашпоого чакырды.
1 / 3

Өмүрбек Асан уулуна — 600 миң сом

2 / 3

Курсантбек Исаковго — 600 миң сом

3 / 3

Рустамжан Кахаровго — 600 миң сом

Дүйнө чемпионатындагы оюндардын жыйынтыгы боюнча акчалай сыйлыктар төмөнкүдөй өлчөмдө берилди:
Курсантбек Исаковго — 600 миң сом;
Өмүрбек Асан уулуна — 600 миң сом;
Рустамжан Кахаровго — 600 миң сом;
Марлен Абдраимовго — 200 миң сом;
Кутман Калбаевге — 400 миң сом;
Бекжан Бейшембаевге — 200 миң сом.
Машыктыруучулар курамына:
улук машыктыруучу Азат Мирахимовго — 150 миң сом;
жеке машыктыруучу Рустам Кочаровго — 100 миң сом;
жеке машыктыруучу Абдурашит Мамасабировго — 100 миң сом;
улук машыктыруучу Дастан Муктаровго — 150 миң сом;
жеке машыктыруучу Айбек Бердалиевге — 100 миң сом;
жеке машыктыруучу Ратбек Мамбетовго — 100 миң сом.
Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду