ЕАЭБ унаалары Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү үчүн бирдей акы төлөйт. Долбоор

Транспорт министрлиги белгилегендей, азыр тоннелдерден өткөн чет элдик унаалардын 85 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө таандык.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Бишкек — Ош унаа жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат.
Долбоор менен ЕАЭБ мамлекеттеринде катталган автоунаалар менен Кыргызстанда катталган автоунаалардын бирдиктүү тарифтик графигин түзүү сунушталууда. Оор жүк ташуучу унаалардын ээлери үчүн (12 тоннадан ашык) өтүү акысы 67 пайызга көтөрүлөт. Башка чет элдик унаалар үчүн тариф ошол бойдон калат.

"Бул чара Кыргызстандын жараны болгон, бирок транспорт каражаттары чет мамлекеттерде (Армения, Беларусь, Россия ж.б.у.с.) каттоодо турган көптөгөн унаа ээлеринин кайрылуусунан улам келип чыккан. Алар чет элдик транспорт каражатына каралган тариф боюнча төлөп келишкен", — деп айтылат негиздеме катта.

Бишкек — Ош унаа жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн сунушталган төлөмдөр:
жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун отургучунан тышкары 8 орундан ашпаган транспорт каражаттары (жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар) — 50 сом;
жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун отургучтарынан тышкары 8ден ашык орундуу, техникалык жол берилген максималдуу салмагы 5 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары — 100 сом;
жүктөрдү ташууга арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу салмагы 3,5 тоннадан ашпаган автотранспорт каражаттары, дөңгөлөктүү тракторлор — 100 сом;
жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу, айдоочунун отургучунан тышкары 8ден ашык орундуу жана техникалык жактан жол берилген максималдуу салмагы беш тоннадан ашкан транспорт каражаттары — 150 сом;
жүктөрдү ташуу үчүн арналган, техникалык жактан жол берилген максималдуу салмагы 3,5 тоннадан ашык, бирок 12 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары — 150 сом;
жүктөрдү ташуу үчүн арналган, техникалык жактан жол берилген максималдуу салмагы 12 тоннадан ашкан транспорт каражаттары — 250 сом;
жүктөрдү ташуу үчүн арналган, максималдуу салмагы 12 тоннадан ашкан транспорт каражаттары, максималдуу салмагы 3,5 тоннадан ашык, бирок 10 тоннадан ашпаган чиркегичтерге — 500 сом;
жүктөрдү ташуу үчүн арналган, максималдуу салмагы 12 тоннадан ашкан транспорт каражаттары, максималдуу салмагы 10 тоннадан ашкан чиркегичтер — 500 сом.
2021-жылы жыйымдардан түшкөн каражат 117,2 миллион сомду, 2022-жылы 145 миллион сомду, 2023-жылы 197,8 миллион сомду түзгөн. Транспорт министрлиги мындай тенденция Бишкек — Ош тоннелдери аркылуу автотранспорттук кыймылдын интенсивдүүлүгүнүн жогорулашынан улам байкалып жатканын белгилейт. Бүгүнкү күндө 1,8 миллиондон ашык автотранспорт каражаттары тоннелдин колдонуучулары болуп саналат.
2024-жылы жолдон 200 миллион сом түшөт деп болжолдонууда. Бирок 2025-жылдын аягында теңдештирүүнү эске алуу менен тарифтерди кайра карап чыгууда киреше алты пайызга азайып, болжол менен 190 миллион сомду түзөт. Министрлик кошумчалагандай, оор жүк ташуучу (12 тоннадан ашык) ата мекендик автоунаа ээлери үчүн тарифтин көтөрүлүшү жыйымдын болжолдуу 16 миллион сомго, башкача айтканда 22,5 пайызга төмөндөшүн компенсациялоого тийиш.
Пресс-борбор
Кыргызстанда навигациялык пломбаларды колдонуу качан башталат?