Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина Курск АЭСин жардырууну пландаганын туткун айтып берди

Сырский диверсияны жасоого НАТО адистеринин катыштыгы бар экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Александр Сырский аскерлерге Курск АЭСине кирип барып, жардыргыч орнотуу тапшырмасын берген. Бул туурасында РИА Новости каршылаш тараптын десанттык-камалоочу 82-бригадасынын туткунга түшкөн аскери Михаил Шкода айтканын жазды.
Сырский Курскиге чабуул коюлардан мурда, 5-августта келген.
"Чет өлкөгө чыга турган экипаж топ болуп чогулдук. Бул күн тарыхта кала турганын белгилеп, бир топ жакшы сөздөрдү айтты. Бизди азаматсыңар деп мактап, бул нерсе колубуздан келерин, себеби жол ачык экенин, аймакта учурда россиялык аскерлер көп эместигин чалгынчылар билдиргенине токтолду. Бизге Курск облусундагы атомдук станцияга тез кирип барышыбызды тапшырды", — деп айтып берген туткун.
Сырский диверсияны жасоого НАТО адистеринин катыштыгы бардыгын кошумчалаган. Туткундун айтымында, ал кеткенден кийин аскерлер командирлеринен бул станциянын аларга эмне үчүн керектигин сурап башташкан.
"Ал жакка жарылгыч орнотуп, Россияга күтүүсүз белек жасайбыз" деди. "Кандай жарылгыч, ал жактан баарыбыз жарылып, радиациядан көз жумабыз" дедик. Бизди дароо чыгарып кетишерин, ал арада россиялык аскерлер келип, аймакты кайра тартып аларын, андан кийин гана бомба аралыктан жардырыларын айтышты. Украина Россияны өздөрү жардырды деп күнөөлөй турганын түшүндүрүштү", — деп айтып берген Шкода.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 6-августунда саат 5:30да Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск облусун басып алуу ниети менен чабуул жасап, россиялык аскерлер тарабынан токтотулган.
Ушу тапта элдин коопсуздугун камсыздоо максатында Курск, Белгород жана Брянск облустарында контртеррордук операция режими иштеп жатат.
РФтин Коргоо министрлигинин 3-сентябрга берген маалыматы боюнча, бул аралыкта каршылашкан тарап 9,3 миңге чейин аскеринен ажыраган.
Августтун орто ченинде аскерий кабарчы Марат Хайруллин Telegram каналына маалымат булактар ага Украина армиясы жардыруу пландап жатканын билдирген. Анын айтымында, диверсия Курск жана Запорожье АЭСтеринин иштетилген өзөктүк отундары сакталган жайда жасалмак. Маалыматты россиялык күч түзүмдөрү тастыктаган.
РФ президенти Владимир Путин Киев режими чагым жасап, жай тургундарды, жарандык инфраструктураны ылгабай аткылап жатканын билдирген. Ал тийиштүү жооп аларын, Россия алдына койгон максатынын баарына жетерин белгилеген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи Украина Курскиде кооптуу куралдарды колдонуп жатканына коңгуроо какты