БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба отставкага кетүү боюнча арыз жазганын шаршембиде Жогорку Раданын спикери Руслан Стефанчук билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Шейшемби күнү Стефанчук Украинанын юстиция министри Денис Малюска, стратегиялык өнөр жай министри Александр Камышин, курчап турган чөйрөнү коргоо министри Руслан Стрелец, Европа жана Евроатлантикалык интеграция боюнча вице-премьер-министр Ольга Стефанишина отставкага кетүү тууралуу арызын парламентке тапшырганын билдирген. "Украинская правда" басылмасы өз булактарына таянып, Кулебаны тышкы иштер министри кызматынан бошотуу пландалып жатканын жана анын ордуна орун басары Андрей Сибига дайындалышы мүмкүн экенин жазган.
"Украинанын Жогорку Радасына тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын кызматтан кетүү тууралуу арызы келди. Арыз кийинки пленардык жыйындардын биринде каралат", — деп жазган Стефанчук соцтармактагы баракчасына.
Буга чейин Жогорку Раданын депутаты Ярослав Железняк ушул аптада Украинанын министрлер кабинетинде кадрдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин билдирген. Ал ТИМ жана Юстиция министрлигинин жетекчилери кызматтан алынышы мүмкүн экенин белгилеген. Парламенттеги "Слуга народа" фракциясынын башчысы Дэвид Арахамия да украин өкмөтүн олуттуу өзгөрүүлөр күтүп жатканын, мамлекеттик кызматкерлердин 50 пайызы алмаша турганын айткан.