Кыргызстандык студент Мария Захаровага кандай суроо берди? Видео

Кыргызстандык студент Мырзайым Сагынбек кызы "Евразия лидерлери" деп аталган форумга катышты. Иш-чаранын алкагында ал РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова менен жолуккан.
Sputnik
450дөн ашуун аспирант, жаш окумуштуулар, ишкерлер, журналисттер жана саясатчылар "Евразия лидерлери" деп аталган эл аралык III билим берүү форумуна катышып жатат.
Кыргызстандык студент Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлеринин, баатырларынын тарыхын окуп-үйрөнүп, изилдеп келет. Бул туурасында ал Захарова менен иш-чаранын алкагында маектешкен.
"Долбоорлорумдун бири боюнча суроо бердим. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин окуп, кызыгып жүрөм. Тагыраагы, алар тууралуу макала даярдайм, даректүү фильм тартканбыз. Баарын тарыхта калтыруу үчүн чоң долбоорлорду иштетүүнү пландап жатабыз. Мен ага бул тарыхый эстеликтерди кантип сактап калуу керектиги боюнча суроо узаттым. Себеби биз согуштун ардагерлери менен көзү барында сүйлөшүп кала турган соңку муунбуз", — деди ал.
Бул жерден жаштар чечендик өнөрдү, ар тараптан ойлонуп, анализдөөнү жана долбоор даярдоону үйрөнүшмөкчү.