Бокс боюнча дүйнө чемпиону Орзубек Назаров УКМКга сурак берип чыкты

Спортчунун өзбек криминалы Салимбай Абдувалиев менен байланышта болгону айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров сурак берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматта спортчу Өзбекстан жараны, Салим байбача каймана аты бар Салимбай Абдувалиев менен байланышта болгону айтылат.
"3-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында О.П.Назаров УКМКнын тергөө органдары тарабынан Салимбай Абдувалиев менен жолугушуусу жана таанышуу жагдайлары боюнча суракка алынды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда Салимбай Абдувалиев менен байланышта болгон башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.
Сузакта криминал менен байланышта делип айылдык кеңештин экс-депутаты кармалды