Шашылыш билдирүү! Апта этегинде аба ырайы кескин төмөндөп, үшүк жүрөт

Туруксуз аба ырайы автотранспорттун, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Өлкөдө 7-8-сентябрда күн кескин сууктап, үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Ош, Баткен жана Нарындын айрым жерлери жаан-чачындуу болот.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
Чүй чөлкөмүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +13...+18 градус;
Талас жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23, тоо этектеринде түнкүсүн -2...+3, күндүз +9...+14;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз +8...+13;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +12...+17;
Нарын аймагында түнкүсүн 0...+5, күндүз +13...+18, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1...-6, күндүз +5...+10 градус болот.
8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт.
Радио
Кыргызстанда синоптиктер жетишпейт