БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңешке жаңы келген үч депутат фракция, топторго киргенин билдирди.
Алсак, депутат Бактыбек Марипов "Мекенчил" тобуна, Айжигит Тыналиев "Ата-Журт — Кыргызстан", ал эми Жумабек Салымбеков "Альянс" фракциясына кошулган.
Бул үч депутат тең бир мандаттуу округдан шайланып келишкен.
Мындан тышкары, мандатын тапшырган Нуржигит Кадырбековдун ордуна "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Динара Ашимова болду.