БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге жана үй жанындагы тилкелерге салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Салык кызматкерлери ИИМдин ЖКККББ менен биргеликте транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүшөт.
"Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом айып пул каралган, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн карыздын суммасына 0,09 пайыз өлчөмүндөгү туум кошулат", — деп жазылган маалыматта.
Эскерте кетсек, 1-сентябрда төмөнкү мүлк салыктарынын төлөө мөөнөттөрү аяктаган:
транспорт каражатына салык;
турак жай, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);
үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак чарба жер участокторуна салык.
Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.