Кыргызстанда эт эмнеге кымбаттап жатат? Расмий органдардын жообу

Ведомстволор эттин баасынын өсүшүнө таасир эткен факторлорду санап беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Окурмандар эт кымбаттап жатканына нааразы болушууда.
Алардын айтымында, бир жума мурда бир килограмм эттин баасы 530 сом болсо, азыр сулп эт 700 сомго чейин жетип жатат. Базардагы сатуучулар мындай көрүнүш Өзбекстанга экспорт күчөгөндүктөн болуп жатканы менен түшүндүрүштү.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Женалы Орозбаев Sputnik агенттигине эт кымбаттаганын тастыктады. Айтымында, бүгүнкү күндө уйдун эти 547,8 сом болууда, ал эми былтыр 510 сомду түзгөн. Бул 27,1 тыйынга же болбосо 5,2 пайызга кымбаттаганын билдирет.
Орозбаев баанын жогорулашына төмөнкү факторлорду санады:
бордоп семиртилген малдын аз болушу;
башка продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон баанын өсүшү;
элдин кирешесинин былтыркыга салыштырмалуу көбөйгөндүгү. Киреше көбөйгөн сайын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогорулап, баанын көтөрүлүшүнө алып келет.
"Учурда эттин баасын мамлекеттик жөнгө салууга эч кандай негиз жок", — деди ал.
Ал эми Айыл чарба министрлиги республика боюнча эт азыктарынын орточо баасы базарларда уй эти — 524 сом, кой эти — 560 сом, жылкы эти — 511 сом, тоок эти 300 сомду түзүп жатканын билдирди.
"Бул баанын олуттуу өсүшү жана кооптонууга негиз жок экендигин көрсөтүп турат", — деди министрлик.
Өлкөдө өндүрүлгөн эт, сүт жана жумуртканын көлөмү өстү