Эксперт: мыйзам исламды, мусулмандарды коргоого багытталган

Кадыр Маликовдун айтымында, сунушталган мыйзам дин кармангандарды чектебейт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Мамлекеттин саясаты динге, исламга каршы багытталган жок. Бул тууралуу диний эксперт Кадыр Маликов "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамдын талкуусунда билдирди.
Эске салсак, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Анда коомдук жайларда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө, диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга, диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салуу жана башка маселелер каралган. Мындан тышкары, диний ишмерлердин коомдук жана саясий турмушка аралашуу эрежелери жазылган.
Маликовдун айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору динге каршы эмес, тескерисинче, исламды коргоого багытталган.
"Коомдо ажырым жаратуу үчүн диний жана этникалык фактор колдонулат. Бул сыр деле эмес. Тилекке каршы, мыйзамды динге, исламга каршы көрсөтүүгө аракет кылгандар дагы болууда. Мисалы, мыйзам долбоору сунушталганда "хиджабга тыюу салынат" деген жалган маалымат тарады. Мыйзам долбоорунда чынында никаб боюнча кеп болуп жатат жана ал боюнча дин аалымдарынын так аныктамалары, көрсөтмөлөрү дагы бар", — деди Маликов.
Ошондой эле ал мамлекет ушундай ажырым жаратуучу факторлорду жок кылуу, коопсуздукту камсыздоо үчүн айрым жагдайларды жөнгө салууну көздөп жатканын белгиледи.
"Айрым учурда диний баалуулуктарга жамынып, динге ишенгендерди пайдаланып бийликке келген (адамдар, топтор) учурлар бар. Алар исламга ишенгендерди ресурс катары колдонууда. Мунун жөнгө салынышы мусулмандарды коргойт. Мыйзам исламга ишенгендерди басмырлабайт, тетирисинче, коргоого алат", — деди Маликов.
Ошондой эле ал коомдо ажырым жаратууну каалагандар өлкө ичинде, ал тургай тышында дагы болушу ыктымал экенин кошумчалады.
Министрлик: окуучуларды хиджабын чечүүгө мажбурлаганы боюнча маалыматтар жалган