Кыргызстанда динди жайылтам дегендер көзөмөлгө алынат

Таанымал адамдар элге динди жайылтууга аракет кылып жатышканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Дин жайылткандарга атайын күбөлүк берилип, көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын укуктук камсыздоо жана эсептик каттоо бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Курбаналиев брифингде билдирди.
Анын айтымында, таанымал адамдар чыгып алып, элге динди туура эмес түшүндүрүп алган учурлар бар.
"Мыйзамга дин жайылтуучу (проповедник) деген термин киргизилүүдө. Мыйзам кабыл алынса анын алдындагы нормативдик актыларга бардыгын так жазып, атайын күбөлүк берилип, көзөмөлгө алынат. Анткени коомдо таанымал, бирок динди жакшы түшүнбөгөн адамдар динди туура эмес жайылтып алып, талаш жаратып алышы ыктымал", — деди Курбаналиев.
Ошондой эле ал мыйзам коомдук талкууда экенин, ал кабыл алынганча бир топ өзгөрүп кетиши ыктымалдыгын кошумчалады.
Дин иштери боюнча комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү сунуштады