Баткенде ажатканага түшүп кеткен бөбөктү куткарып калышты. Видео

Куткаруучулар наристени дарыгерлерге тапшырышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кадамжай районунда (Баткен облусу) ажатканага түшүп кеткен баланы аман алып калышканын ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрда саат 18:14тө Айдаркен шаарынын Металлург көчөсүндө жайгашкан үйдө болжол менен беш жаштагы наристе ажатканага түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
"Кадамжай райондук ӨКБдин куткаруучулары капитан Султановдун башчылыгында менчик автоунаасы менен жетип келишкен. Ыкчам чаралар көрүлүп, бөлүктүн кароол башчысы, улук лейтенант Сүйүнов ажатканага түшүп, наристени аман-эсен алып чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Ошол замат дарыгерлер тарабынан бөбөктүн ден соолугуна көзөмөл жүргүзүлүп, учурда абалы туруктуу экени аныкталган.
ӨКМдин тоо куткаруучулары машыгып Комсомол, Пионер чокуларына чыгышты. Сүрөт