Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Жанышов 87 килограмм салмак боюнча грузиялык, швециялык жана румыниялык спортчуларды жеңип финалга чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Асан Жанышов грек-рим күрөшүнөн 20 жашка чейинки спортчулардын (U-20) арасында дүйнө чемпиону болду.
Аталган турнир учурда Испанияда өтүп жатат. Жанышов 87 килограмм салмак боюнча грузиялык, швециялык жана румыниялык спортчуларды жеңип финалга чыккан. Чечүүчү беттеште азербайжандык балбанды утуп алтын медалга ээ болду.
Радио
Көчмөндөр оюндарына даярданууга 50 млн. сом жумшалды