Эртең Бишкекте "Кыргыз алтындын" алтын куймаларын саткан дүкөн ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкекте эртеңден тарта "Кыргыз алтындын" алтын куймаларын саткан дүкөн иштей баштайт. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалыматка караганда, жарандар дүкөндөн алтын куймаларды ар кыл өлчөмдө ала алат. Алтынды эркин сатыкка чыгаруу тапшырмасын президент Садыр Жапаров берген.
Дүкөн "Кыргыз алтындын" кеңсесинде жайгашкан (Абдымомунов, 195).
Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы кайра төмөндөдү