Дастан Жапардын "Качкын" тасмасынын премьерасы Пусан фестивалында көрсөтүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Режиссер Дастан Жапар уулунун "Качкын" тасмасынын премьерасы Busan International Film Festival эл аралык фестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты.
Маалым болгондой, бул — Азиядагы эң белгилүү фестивалдардын бири. "Качкын" кинокартинасы "Эң мыкты тасма" номинациясында көрсөтүлгөн.
Фильмде адам сатуу көйгөйү чагылдырылган.
Режиссёр Дастан Жапар буга чейин "Атанын керээзи" жана "Акыркы көч" кинокартиналарын тартып, бул тасмалар бир катар эл аралык фестивалдарга катышкан.
"Бейиш эненин таманында" тасмасы Москвада өткөн кинофестивалда баш байге алды