ЧЭФ күндөлүгү: былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында жүк ташуу рекорд койду

Владивосток шаарында Чыгыш экономикалык форуму өтүп жатат. Бүгүн иш-чаранын экинчи күнү.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагындагы жүк ташуу рекорд коюп 73,5 миллион тоннага жетти. Бул туурасында "Россия темир жолдору" компаниясынын директорунун орун басары Сергей Павлов учурда өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумунда (ЧЭФ) билдирди.
Видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
"Алардын ичинен 42 миллиону Казакстанга, 29 миллиону Беларуска туура келди. 2023-жылы эл аралык жүк ташуулар 551 миллион сомду (жалпы көлөмдүн 1/3 бөлүгү) түздү. ШКУ, БРИКС жана ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр менен биргеликте кошумча маршруттарды түптөп, логистикалык жаңы чечимдерди иштеп чыгып жатабыз", — деген Павлов.
Түндүк — Түштүк транспорт коридорунда Россиянын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Ирандын ташуучулары үчүн бирдиктүү тариф түзүлдү.
Россия менен Беларустун темир жолдору жер семирткичтерди жана мунай заттарын ташуу (көлөмү) боюнча ай сайын рекорд коюп жатат. РФ, Беларусь жана Казакстандын "Бириккен транспорттук-логистикалык компаниясы" жүктү Кытайдан Европага 5-7 күндө жеткирерин айтышты.
Владивосток шаарында Чыгыш экономикалык форуму өтүп жатат. Бүгүн иш-чаранын экинчи күнү.
Sputnik — 2024-жылы өтчү Чыгыш экономикалык форумунун башкы маалыматтык өнөктөшү.
Чыгыш экономикалык форумунда жаратылышты коргоо маселеси каралды. Видео