ЖМК: Блинкенди Афганстандан аскерлердин чыгарылышы боюнча суракка чакырышты

Блинкен 19-сентябрда комитетке барышы керек, болбосо Конгрессти сыйлабайт деп күнөөлөнүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол мамлекеттик катчы Энтони Блинкенди АКШ аскерлеринин Афганстандан чыгарылып кетиши боюнча көрсөтмө берүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме кылып жазды.
Телеканал Блинкен мурдараак комитеттин алдына баруудан баш тартканын кошумчалаган.
Блинкен 19-сентябрда комитетке барышы керек, болбосо мыйзамчылар аны Конгрессти сыйлабайт деп күнөөлөшү мүмкүн. Мамлекеттик департаменттен Блинкендин башка иштери болгондуктан аталган күн ылайыксыз болорун айтышып, башка учурду сунушташкан.
2021-жылдын 31-августунда америкалык аскерлер Кабул аба майданынан чыгып кеткен. Бул АКШнын Афганстанда болгон 20 жылдык тарыхын жыйынтыктаган. Ошол эле жылдын сентябрында Афганстандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланган.
Афган трагедиясы: согуштун келип чыгуу себептери жана кесепети