КМШда концертке керектүү эң чоң техника бизде. Министр Максутовдун видеомаеги

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 31-август күнү "Ала-Тоо" аянтында масштабдуу концерт өткөн.
Sputnik
5-6 саатка созулган концерттик салтанатты көрүүгө 80 миңдей адам келди. Коомчулукта ага дыкат даярдык көрүлгөнү айтылып, жаңы техникага, уюштуруу иштерине кызыгуулар жаралды.
Sputnik Кыргызстан маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен көшөгө артындагы аракеттер тууралуу сүйлөштү.
Анын айтымында, майрамдык шаң-салтанаттын чыгармачылык бөлүмүнө Максутов өзү режиссёрлук кылган. Министрликке өткөн жылдын август айында ири концертке даярдык көрүү боюнча тапшырма берилген. Жазга чейин анын концепциясы түзүлүп, техника сатып алына баштаган. Министр аянттагы жалпы даярдык 20 күндөй гана болгонун белгиледи.
Тема боюнча:
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгын кантип майрамдады. Видео