Радио

Акыйкатчы: укук коргоо органдарынын ишине нааразычылык бар

Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) Жамиля Жаманбаева зордук-зомбулукка кабылгандар алгач укук коргоо органдарына арызданып, андан жыйынтык чыкпаганда гана омбудсменге кайрылышарын айтты.
Sputnik
Акыркы маалыматтарга караганда, жыл ичинде зордук-зомбулук боюнча 11 миңге жакын арыз келип түшкөн. Бул тууралуу Жамиля Жаманбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы кезде Акыйкатчы институтунун коомдогу орду, иши бир топ жогорулаганы байкалат.
"Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо тууралуу 2017-жылы кабыл алынган мыйзам бар. Ал мыйзамда Акыйкатчы институтунун да ыйгарым укуктары жазылган. Кыз-келиндердин зомбулукка кабылышы, коомдо ыдык көрүшү биздин да көңүл чордонубузда. Бирок ага мыйзам чегинде гана аракет жасайбыз. Зомбулук тууралуу расмий каттарды, арыздарды эле күтүп отурбайбыз. Соцтармактарда чыгып жаткан көйгөйлөр, ар кыл жаман окуялар, терс көрүнүштөрдүн баары Акыйкатчы институтунун көз жаздымында калбайт. Жакында эле Ош облусундагы 15 жашар кыздын сексуалдык зомбулукка кабылышы коомчулукту да дүрбөттү. Акыйкатчы институтуна ушундай маселелер менен көп эле кайрылышат. Кыз-келиндер гана эмес, "жаш балдардын укугун коргоп бергиле" деген да кайрылуулар болот. Акыркы маалыматтарды айтсак, бизге 11 миңге жакын ушундай даттануулар келип түштү. Булардын жарымынан көбү — биринчи укук коргоо органдарына кайрылышкандар. Ал жактан тийиштүү көңүл бурулбагандыктан биздин институтка келүүгө аргасыз болушат. Анын баарына убагында иликтөө, тергөө иштери жүргүзүлсө мынчалык кайрылуу болмок эмес. Ал эми Оштогу окуя боюнча жабырлануучулар 23-августта Ички иштер министрлигине даттанышкан. Төрт күн күтүп, эч кандай жыйынтык болбогондо гана бизге келишиптир. Омбудсмен институтунун кийлигишүүсүнүн негизинде бул кылмыш боюнча бүгүн төрт киши камакта. Биз негизинен сындоочу орган эмеспиз. Тескерисинче, укук коргоо, сот жана башка мамлекеттик органдар менен кызматташууда максатыбыз бир эле — жарандардын укугун жана эркиндигин коргоо. Ошол себептен мамлекеттик органдар мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын жетиштүү деңгээлде аткарбаган учурда сөзсүз бизге кайрылышат. Аргасыз болушат. Акыйкатчы институту бардык мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иштешип келет", — деди Жаманбаева.
Ал Омбудсмен институтунун адам укуктары тууралуу сунушуна, катына тийиштүү жооп бербеген мамлекеттик органдарды жылдык баяндамага да жазышарын кошумчалады.