Үйдү билгенде өлтүрүп кетмек экен. Нарында күйөөсү бычактаган келин үн катты

Окуяны акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жолдошум үйүмдүн дарегин билгенде өлтүрүп кетмек экен. Бул тууралуу Нарында күйөөсү жумушуна келип бычак сайган келин акыйкатчынын өкүлүнө айтып берген.
Эске салсак, 31-август күнү Нарын шаарынын борбордук базарында жайгашкан ашкананын ичинен 42 жаштагы киши аялына бир нече ирет бычак сайган.
Маалым болгондой, жолдошу буга чейин да зомбулук көрсөтүп келген. Ушундан улам келин үстүбүздөгү жылдын июль айында балдарын алып үйүнөн чыгып кеткен.
"Ал менин үйүмдүн дарегин билбегендиктен жумушума келип бычак сайды. Жашаган жеримди билгенде өлтүрүп кетмек экен. Укук коргоо органдары тарабынан адилет чечим кабыл алынып, тиешелүү жазасын алсын деп сурайт элем", — деген жабырлануучу акыйкатчынын өкүлүнө.
Жубайлардын ортосунда үч баласы бар. Балдары учурда жабырлануучунун инисинин кароосунда. Окуяны акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алууга чакырды.
"Кыз-келиндерибизге карата зордук-зомбулук күчөп жатканы мени абдан өкүндүрөт. Мындай жүрөк үшүн алган окуялар кайталанбашы керек. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде өз жазасын алсын. Укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алууга чакырам", — деген Жаманбаева.
Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренелери ("Бейбаштык максатта, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү") менен кылмыш иши козголду. Нарын райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын аныктап, 30-октябрга чейин тергөө абагына киргизилди.
Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жана юридикалык жардамын көрсөтүүдө. Келинге узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат.
Радио
Акыйкатчы: укук коргоо органдарынын ишине нааразычылык бар