Кыргыз саясатында кыз-келиндердин орду. Гендердик маселе кандай чечилүүдө?

Sputnik
Кыргыз саясатында аялдарга өзгөчө көңүл бурулат. Мисалы Жогорку Кеңешке депутат болордо партиялар кыз-келиндер үчүн атайын квота бөлүүгө милдеттүү. Эми ушундай эле эреже жергиликтүү кеңештерге да кирди. Ошого карабай саясий айдыңда аялдардын саны аз. Ал эми аткаруу бийлигинде, өзгөчө облус, район жетекчилигинде бир да аял жетекчинин жоктугу ойлондурбай койбойт. Бирок, Эмгек министрлигинин билдиришинче ишкерлик чөйрөдө жетекчилик кызматтарды ээлеген кыз-келиндердин саны өсүп барат.
Биз бул жаралган тендеция тууралуу “Кеменгер” программасында маек курдук.