Кышында электр энергия тартыштыгы жаралбайбы? Министр менен маек

Sputnik
Кыштын камын жазда көр деген кыргыздын керемет кеби бар. Биз бүгүн дал ушул кыш мезгилинде элди электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жаздан тарта кандай иштер жүргүзүлгөнү тууралуу маек курдук. Бул тармакта күз-кыш мезгилине даярдык кандай? Кышында электр энергия тартыштыгы болбойбу? Аны алдын алуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
Ушул жана башка суроолорго энергетика министри Таалайбек Ибраев жооп берди. Муну менен катар эле Кыргызстандагы энергетикага байланыштуу жалпы кырдаал тууралуу жана анын келечеги тууралуу кеп кылдык.