Өлкөдө күрөөканалардын ишин көзөмөлдөө кандай жүрөт — жаңы токтом эмне өзгөрүүлөрдү алып келет?

Sputnik
Кыргызстанда күрөөканалардын ишин көзөмөлдөгөн жаңы токтомдун долбоору талкууга коюлду. Бул берүүдө ал кандай өзгөрүүлөрдү алып келет? Кандай артыкчылык сунуштайт, эмне кемчилик болушу мүмкүн ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Ошондой эле өлкөдөгү жалпы күрөөканаларга байланыштуу кырдаалды талкууладык.
Бизди кызыктырган суроолорго Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Банктык эмес финансылык уюмдарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Айгүл Алыбекова жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Абай Кадралиев жооп берди.