Эркиндиктин көлөкөсү. Кош стандарттуулук же батыштын басма сөздөгү цензурасы

Sputnik
Дүйнөлүк маалымат айдыңында жаңы барак ачылгандай. Бул ондогон жылдардан берки АКШнын басма сөзгө жасап келген цензурасы тууралуу батыштын медиада таанымал адамдарынын айтып чыгышы. Кош стандарттуулук эрежелери эскирдиби же батыштын башкаруу саясаты эмнеси менен кийинки муунга жакпай калды? Белгилүү Тelegram тармагынын жетекчисинин Парижде кармалышынан кийин, Meta социалдык тармактар тутумунун жетекчиси Цукербергдин билдирүүсү эмнени түшүндүрөт?
Белгилүү ишкер Илон Масктын батыш бийлиги тууралуу дембе-дем жазган посттору, америкалык журналист Такер Карлсондун билдирүүлөрү батыштын маалымат айдыңындагы көп жылдык жүргүзүп келген цензурасынын бүтүп баратканынан берет дейт бүгүнкү "Күн башат” уктуруусунун коноктору.