Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун машыгууларына даярдыктар көрсөтүлдү. Сүрөт

Иш-чарага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук контингенттери, ошондой эле ЖККУ катчылыгынын жана бириккен штабынын өкүлдөрү катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Коргоо министрлиги Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун окуу-машыгууларына даярдыктарды көрсөттү.
1 / 6

Коргоо министрлиги Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун окуу-машыгууларына даярдыктарды көрсөттү.

2 / 6

Аталган иш-чара 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин №20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунда болот.

3 / 6

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн (ЫЖКЖК) командалык-штабдык "Өз ара аракеттенүү - 2024", чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен "Издөө-2024", ошондой эле материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрү менен "Эшелон-2024" атайын машыгуулары өтөт.

4 / 6

Машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук контингенттери, ошондой эле ЖККУ катчылыгынын жана бириккен штабынын өкүлдөрү катышары кошумчаланды.

5 / 6

Коргоо министрлиги Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун окуу-машыгууларына даярдыктарды көрсөттү.

6 / 6

Коргоо министрлиги Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун окуу-машыгууларына даярдыктарды көрсөттү.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин №20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунда болот.
"Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн (ЫЖКЖК) командалык-штабдык "Өз ара аракеттенүү - 2024", чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен "Издөө-2024", ошондой эле материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрү менен "Эшелон-2024" атайын машыгуулары өтөт. Машыгуу "Борбор Азия аймагындагы куралдуу чыр-чатактарды чечүү боюнча ЖККУнун ЫЖКЖК менен биргелешкен операциясын даярдоо жана өткөрүү" темасында пландалып, үч этапта болот", — деп жазылган маалыматта.
Машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук контингенттери, ошондой эле ЖККУ катчылыгынын жана бириккен штабынын өкүлдөрү катышары кошумчаланды.
Андрей Сердюков ЖККУнун Кыргызстандагы машыгууларынын максатын айтты