Миң-Кушта уран калдыгын ташып бараткан автоунаа кырсыкка кабылган. Видео

Жумгалда уран калдыгын ташыган унаа кырсыктап, бирок зыян келтирилбегени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Миң-Кушта уран калдыгын ташып бараткан автоунаа кырсыкка кабылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 2-сентябрь күнү Миң-Куш айылында Туюк-Суу — Миң-Куш — Арал автожолунун 2-чакырымында болгон.

"Туюк-Суу уран калдыгын сактоочу жайынан радиоактивдүү калдыкты ташып келаткан HOWO үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеткен. Жерине Жумгал райондук ӨКБден ыкчам топ, ИИМ кызматкерлери тартылган. Ал эми автоунаа токтогон жерде текшерүү жүргүзүлүп, калдыктар жерге төгүлбөгөндүгү жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле калдыктар башка унаага жүктөлүп кеткени, кырсыктын себеби такталып жатканы кошумчаланды.
КР уран казылган жерлерди реабилитациялоо боюнча РФ менен келишимди ратификациялады