Сузакта криминал менен байланышта делип айылдык кеңештин экс-депутаты кармалды

УКМК кызматкерлери кармоо учурунда. Иллюстративдик сүрөт. Архивдик сүрөт
Эл өкүлүнүн өзбек кримавторитети менен түшкөн сүрөтү тараган, атайын кызмат ага түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Сузак районундагы айылдык кеңештин мурдагы депутаты криминалдык идеологиядан баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат 40 жаштагы У.Ш.А. аттуу жаранга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Буга чейин социалдык тармактарда эл өкүлүнүн Салим байбача каймана аты бар өзбек кримавторитети Салимбай Абдувалиев менен түшкөн сүрөтү тараган.
2023-жылдын декабрында У.Ш.А. жер тилкелери менен алдамчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилин жок кылуу максатында Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын атайылап өрттөп жибергендиги үчүн 100 миң сом айыпка жыгылган.
"Ошол эле учурда У.Ш.А. Сузак айыл өкмөтүнүн өрттөнгөн имаратын оңдоого бөлүнгөн 6 миллион сом зыяндын ордун толтуруп берген", — деп айтылат маалыматта.
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты адамга ок чыгарды деп кармалды