"Автобус менен жүргүлө". Транспорт министрине талапкер тыгын маселеси боюнча

Тармактык комитеттте депутат Гуля Кожокулова аткаминердин борбор калаадагы тыгын маселесин кантип чечерине кызыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткарып жаткан Абсаттар Сыргабаев тыгын маселесин чечиш үчүн бишкектиктерге автобуста жүрүүнү сунуштады.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде анын талапкерлиги каралган.
Депутат Гуля Кожокулова борбор калаадагы тыгын маселесин кантип чечерине кызыкты. Сыргабаев мэрия менен бирге иш жүргүзүлүп жатканын белгилеген.
"Чогуу иштеп жатканыңарды билем, бирок сиздин өз көз карашыңыз барбы? Сиз деген чоң министрликти жетектегени турасыз да. Даярдангансыз, негизги маселелерди билесиз", — деп нааразы болду эл өкүлү.
Сыргабаев унаа көбөйүп жатканын айтып "жаңы шаар салуу" керектигин айтты, бирок депутат бул келечектин иши экенин, ал эми көйгөйдү бүгүн чечүү зарыл экенин белгиледи.
"Автобус менен жүргүлө", — деди аткаминер.
Эске салсак, Абсаттар Сыргабаев 11-июлда Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Жогорку Кеңеш каникулдан келип, анын талапкерлиги макулдашуу үчүн киргизилди.
Бишкекте студенттердин окуусу эми саат 10:00дө баштала турган болду