Өкмөт кургак учук жугузгандар иштей албай турган жайларды тизмектеди

Токтом долбоорунун максаты ишкердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө кургак учукка каршы санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, анын жайылышын көзөмөлдөө болуп саналары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кургак учукту жугузуу кооптуулугун жараткандар иштей ала турган жумуштардын тизмеги бекитилди. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыкты.
Анын максаты ишкердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө кургак учукка каршы санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, анын жайылышын көзөмөлдөө болуп саналат.
"Өлкөдө кургак учук боюнча эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда. Кыргызстан кургак учуктун көп дарыга туруктуу (КДТ-КУ) түрү жайылган 30 өлкөнүн катарына кирет. Бул дарттын жайылуусу жана өлүмгө кептеген көрсөткүчтөр жогору бойдон калууда. Адам көп топтолгон билим берүү, саламаттык сактоо, коомдук тамактануу жана тейлөө тармактарында кургак учуктун аныкталган учурлары тынчсыздандырат. Аткарыла турган жумуштардын тизмегин түзүү кызматкерлерди жана айланадагыларды коргоо боюнча тийиштүү санитардык-эпидемиялык алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүүгө көмөктөшөт", — деп жазылган анын негиздемесинде.
Кургак учукту жайылтуу кооптуулугун жараткандарга уруксат берилбеген иштердин тизмеси:
тамак-аш, өнөр жай ишканалары, коомдук тамактануу, бардык мекемелердин коомдук тамактануу бөлүмдөрү, буфеттер, кафелер, ресторандар, сүт ашканалары, соода, базалар, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө, сактоодо, сатууда жана транспорттун бардык түрлөрү менен ташуу учурунда алар менен байланышта болуучу кампалар;
коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн тейлөө тармагындагы кызматкерлер (жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин жол шериктери, аба транспортунун борттук коштоочулары, эс алуучу кемелердин борттук коштоочулары);
тамак-аш жеткирүү кызматы;
Бардык профилдеги хирургиялык бөлүмдөр, операциялык, анестезиология, операциялык блоктор, стоматология, отоларингология;
менчигинин түрүнө карабастан медицина мекемелери, төрөт үйлөрү (бөлүмдөрү), балдар ооруканалары (бөлүмдөрү);
жогорку окуу жайлары, окуу-тарбия мекемелери (орто мектептер, мектеп-интернаттар, орто атайын окуу жайлары ж.б.), балдар жана өспүрүмдөрдүн спорттук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелери, китепканалар, балдар китепканалары;
балдардын мектепке чейинки мекемелери (бала бакчалар, бөбөк үйлөрү, балдар үйлөрү);
дарыканалар, фармацевтикалык заводдор, дары-дармек каражаттарын өндүрүү, таңгактоо жана сатуу менен алектенген ишканалар;
мамлекеттик жана жеке мончолор, бассейндер, дарылоочу ванналар, кир жуучу жайлар, жатаканалар, мейманканалар, хостелдер;
чачтарачканалар, косметологиялык салондор, сулуулук салондору;
менчиктин түрүнө карабастан спорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелердин кызматкерлери (спорт залдары, дене тарбия клубдары, спорттук базалар);
суу түтүк курулмалары жана суу түтүк тарамы уюмдары.
Майлуу-Суу: окуучудан кургак учук чыкканын убагында айтпаган медикке айып салынды