Октябрдан тарта пенсиялар көтөрүлүп, 6900 сомдон кем болбойт

Пенсияны көтөрүүнүн экинчи этабы ишке кирүүдө, биринчиси июлда болуп, анда эң минималдуу пенсия 3 500 сом болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Октябрдан тарта пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо коэффициенти 1,18 өлчөмүндө бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 29-августтагы № 534 токтомунда айтылган.
Маалыматка ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга, 1000 сомдон кем эмес көбөйтүлөт. Ошондой эле кошумча-алымчалары менен пенсиянын минималдуу көлөмү 6900 сомдон кем болбошу керектиги айтылган.
Эске салсак, бул пенсияны көтөрүүнүн экинчи этабы. Биринчи этабы 1-июлда ишке кирип, анда эң минималдуу пенсия 3 500 сом болгон.
Радио
Мукамбетов: пенсияга чыгууда аралыктан документ толтурса болот