Министрлик: окуучуларды хиджабын чечүүгө мажбурлаганы боюнча маалыматтар жалган

Министрлик өлкөнүн Конституциясында дин тутуу эркиндиги кепилденгенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мектептерде кыздардын хиджабды чечүүгө мажбурланганы боюнча маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Кабарда социалдык тармактарда окуучулар хиджабды чечүүгө мажбурлаганып жатканы боюнча маалыматтар тараганы жазылган. Министрлик өлкөнүн Конституциясында дин тутуу эркиндиги кепилденгенин белгиледи.
"Жалпы окуучулар үчүн мектеп формасынын бирдиктүү талаптары бекитилген. Анда форма классикалык стилге дал келип, үстү ак, боз, асты кара же күрөң түстө болушу керектиги айтылган. Ал эми баш кийим боюнча жободо көрсөтүлгөн эмес. Министрлик социалдык тармактарга чыгып жаткан жалган маалыматтарды териштирүү боюнча тиешелүү укук коргоо органдары менен комплекстүү иш алып барууда", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле жалган маалымат тараткандарга жоопкерчилик каралганы эскертилген.
Министрлик: мектеп формасы мурдагыдай эле калды