5-сентябрдан тарта бир катар өлкөлөрдүн жарандарын каттоо тартиби өзгөрөт

Кыргызстанга визасыз келе алган бир катар өлкөлөрдүн жарандарын каттоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бир катар өлкөрдүн жарандарынын Кыргызстанга кирүү тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрдан тарта министрлер кабинетинин №437 "Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү маселелери жөнүндө" токтому күчүнө кирет.
Ага ылайык, Кыргызстанга визасыз келе алган өлкөлөрдүн (Россия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Грузия, Азербайжан, Молдова) жарандарын каттоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.

"Өлкөгө 60 күндөн ашык мөөнөткө жеке максаттары менен келгендерди каттоо өлкө аймагында болууга укук берген документтин негизинде келген максаттарына жараша жүргүзүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Эгерде мурда (Россия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Грузия, Азербайжан, Молдова жарандарын) каттоо алты айга жүргүзүлсө (узартуу укугу менен), азыр каттоо жана узартуу төмөнкү (Кыргыз Республикасында болууга укук берүүчү) документтердин биринин негизинде гана аткарылат:
жашап турууга уруксат;
жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
"Кайрылман" күбөлүгү;
"Мекен-карта" күбөлүгү.
Ошентип ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин (Армения, Беларусь, Казакстан, Россия) жарандары өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир 180 күндүк мезгил ичинде документтерди тариздебей дээрлик 90 күнгө чейин жүрө алышат.
Тажикстандын, Грузиянын, Азербайжандын жана Молдованын жарандары өлкөгө кирген учурдан тартып ар бир 60 күндүн ичинде документтерди тариздебей жалпысынан 120 күнгө чейин жүрө алышат.
Кыргызстандын аймагында 60 же 90 күн болгондон кийин каттоодон өтпөгөн жарандар өлкөдөн чыгууга милдеттүү жана 60 же 90 календардык күндөн кийин кайра кире алышат.
Мыйзамдарга ылайык, милдеттүү каттоодон төмөнкү өлкөлөрдүн жарандары бошотулат:
Россия, Казакстан, Беларусь, Армения — 30 күн;
Азербайжан — 15 күн;
Тажикстан — 60 күн;
Грузия — 90 күн.
Молдованын жарандары Кыргызстанга киргенден тартып 5 күндүн ичинде каттоодон өтүүгө милдеттүү.
Ымыркайларга төрөлөрү менен ПИН ыйгаруу сунушталууда. Себеби