Футбол боюнча улуттук курамдын оюнчулары команданы колдоого чакырды. Видео

Кыргызстанда өтө турган оюнга билеттер сатыкка чыгарылды.
Sputnik
Футбол боюнча улуттук курамдын оюнчулары күйөрмандарын алдыдагы маанилүү беттештерде команданы колдоого чакырды. Маалыматты Кыргыз футбол биримдигинен таратышты.
5-сентябрда кыргыз футболчулары Иранга каршы конокто, ал эми 10-сентябрда Бишкекте Өзбекстан менен ойношот. Кыргызстанда өтө турган оюнга билеттер сатыкка чыгарылды.
2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына үчүнчү тандоо раундунун алкагында Кыргызстан Түндүк Корея, БАЭ жана Катардын курамалары менен күч сынашат.
Тема боюнча:
Иран — Кыргызстан футбол оюну "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы LED экрандан көрсөтүлөт