БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абдымомунов көчөсү, 207 дарегинде жайгашкан президенттик администрациянын имаратын Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлигине өткөрүп берди.
Министрлер кабинети тараткан видеолордо Өкмөт үйүн өткөрүп алуу учуру чагылдырылган.
Анда ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен экономика министри Данияр Амангелдиев имаратты кабыл алып, ыраазычылык билдирип жатканын көрүүгө болот.
Бул имаратта жайгашкан президенттик администрация эми борбор калаанын түштүк жагына курулган "Ынтымак ордого" 10-сентябрга чейин көчөрү айтылган. Анын ачылышы 30-августта болду.