Украина Путин барганы үчүн Монголияны "жазалоого" кам урууда

Путин дүйшөмбү күнү Монголияга Халхин-Голдогу советтик-моңгол куралдуу күчтөрүнүн жеңишинин 85 жылдыгына катышуу үчүн барган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Украина жана аны союздаштары Эл аралык кылмыш сотунун буга чейин чыккан Россиянын президенти Владимир Путинди кармоо чечимин аткарбай койгону үчүн Монголияга каршы чараларды көрөт. Бул тууралуу Украина ТИМинин расмий өкүлү Георгий Тихий X социалдык тармагына жазганын РИА Новости кабарлады.
"Монголиянын өкмөтүнүн Эл аралык сот (ЭКС) Путинди кармоо үчүн берген ордерди аткаруудан баш тартканы ЭКСке урулган катуу сокку. Мындан улам Улан-Баторго тийчү кесепети боюнча бул жаатта өнөктөштөр менен иш алып барабыз", — деген ал.
Россия юрисдикциясын тааныбай турган Эл аралык кылмыш соту Путин менен РФтин балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белованы камоо боюнча ордер берип, Россияны украиналык аткылоодон сактап, коопсуз жайларга согуш болуп жаткан жерден алып кеткени үчүн балдарды депортациялады деп күнөөлөгөн.
Эске салсак, Путин дүйшөмбү күнү Монголияга Халхин-Голдогу советтик-моңгол куралдуу күчтөрүнүн жеңишинин 85 жылдыгына катышуу үчүн барган. Ал жерде тар жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү.
Россия президентинин учурдагы сапары Эл аралык кылмыш сотунун аны "камоо" боюнча айтканы аткарылышы керек деген талаштын фонунда болуп жатат. Мамлекет башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттердин Азия республикалары менен бул жаатта сүйлөшүүлөр болгон деген соболуна сапар майда-чүйдөсүнө чейин талкууланганын айтты.
РФ элчилиги Путин боюнча Эл аралык соттун позициясына АКШ макулдугу боюнча үн катты