ИИМ экстремизм үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштоодо

Соңку убактарда деструктивдүү максаттарды көздөгөн экстремисттик уюмдардын ишмердиги байкалганы жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Экстремисттик материалдарды сактоо, таратуу жана чакырыктарды жасоо үчүн жазаны күчөтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун ИИМ иштеп чыгып, коомдук талкуу порталына жайгаштырды.
Анда бир катар региондордогу туруксуз кырдаалга байланыштуу экстремисттик идеологияларды пропагандалаган, мамлекеттердин жана анын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч келтирген, конституциялык түзүлүштүн негиздерине шек келтиргенге чейин деструктивдүү максаттарды көздөгөн экстремисттик уюмдардын ишмердиги байкалганы жазылган.
"Экстремисттик уюмдардын катарына радикалдык идеологияларга берилген ата-энелеринин таасири астында жашы жете элек адамдарды тартуу учурлары көбөйүүдɵ, буга Кылмыш-жаза мыйзамдарында экстремисттик материалдарды сактоо үчүн жоопкерчиликтин жоктугу өбөлгө түзөт", — деп жазылган долбоордун негиздемесинде.
Мыйзам долбоорунун урунттуу учурлары:
экстремисттик материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу үчүн (ошол эле жосун адамдардын тобу, атайын даярдык менен чет жактан каржыланып ж.б жасалса) — беш (жети) жылдан жети (он) жылга чейин эркиндигинен ажыратылат;
экстремисттик материалдарды сактаганы үчүн эскертүү алгандар үч жылга чейин эркинен ажыратылат;
экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга, анын ичинде интернет тармагын же жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен ачык чакырыктар үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат;
бийликти күч менен басып алууга же күч колдонуп кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктар үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат;
ал эми ошол эле жосун интернет тармагын же жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу, адамдардын тобу, атайын даярдык менен жасалса беш жылдан жети жылга чейин жаза каралган.
Сузакта кармалган "инкарчылар" балдарын мектепке берүүгө ынанышты