Путин: ЕАЭБ менен Монголиянын алакасынын чыңдалышы ортодогу сооданы илгерилетет

РФ лидери Улан-Баторго расмий сапар менен кечээ барган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. ЕАЭБ менен Монголиянын алакасынын чыңдалышы экспорт жана импорт байланышын илгерилетет. Бул тууралуу Россия лидери Владимир Путин Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушуусунун жыйынтыгын чыгарып жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, РФ өлкө башчысы Улан-Баторго расмий сапар менен кечээ барган. Бүгүн өлкө президенти менен кең жана тар курамдагы сүйлөшүүлөр өттү.
"Россия өлкөнүн ири тышкы соода өнөктөшү болуп саналат, эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү улам көбөйүп, соода дисбалансын жөнгө салуу үчүн чаралар көрүлүүдө. Буга Монголия менен ЕАЭБдин эркин соода боюнча убактылуу макулдашууга келиши далил", — деди Путин.
Өлкө башчы, мындан тышкары, Монголияга тарыхка жана советтик жоокерлердин түбөлүк жаткан жерине жасаган аяр мамиле үчүн ыраазычылык билдирген.
Төмөндө РФ лидеринин жасаган билдирүүсүнүн урунттуу учурлары келтирилди:
Россия менен Монголия Азиядагы коопсуздукту камсыздоого аскердик-техникалык жаатта жана террорчулукка каршы күрөшүүдө кызматташып салым кошуп келет;
Россия Монголияга энергоресурс жеткирген ишенимдүү өнөктөш, өлкөнүн сурамын жеңилдетилген шартта канааттандыра алат;
Москва Улан-Батор менен газ тармагындагы кызматташуусун тереңдетүү ниетинде. Учурда Монголия аркылуу Кытайга кеткен газ түтүгүнүн долбоору экспертизадан өтүп жатат;
ЕАЭБ менен Монголиянын алакасынын чыңдалышы экспорт жана импорт байланышын илгерилетет;
Россия Монголияда орус тилин окутууга колдоо көрсөтүүнү улантат.
Украина Путин барганы үчүн Монголияны "жазалоого" кам урууда