Радио

ЕЭК министри ЕАЭБ аппаратында канча кыргызстандык иштээрин айтты

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри, экономика илимдеринин доктору Арзыбек Кожошев ЕАЭБге төрагалык кылуу кезеги Кыргызстанга 2028-жылы келерин айтты.
Sputnik
Евразия экономикалык комиссиясы — жөнөкөй тил менен айтканда Евразия экономикалык биримдигинин өкмөтү. Анын курамында ар бир өлкөдөн экиден, жалпы 10 министрлик бар. Маселелердин 70-80 пайызы ушул деңгээлде чечилет. Андан соң мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери жана президенттерине көтөрүлөт. Бул тууралуу Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБде жалпы 25 департамент болсо, алардын орун басарларынын кызматы да бардык өлкөгө бирдей, 13төн бөлүнгөн.

"ЕАЭБдин аппараты чоң. Анда 10 министрлик, 25 департамент иш алып барат. Кыргызстандыктар тууралуу айта турган болсок, аппаратта жалпысынан 60ка жакын адам иштейбиз. Министрлер жана департамент жетекчилери дайындоо жолу менен келсе, аппараттагы кызматкерлер конкурс аркылуу өтөт. Тиешелүү орундарга жүргүзүлгөн сынактар тууралуу маалыматтар ЕЭктин расмий сайтына жарыяланып турат. Өлкөлөр ортосунда орундар кантип бөлүнөрү баарына кызык болуш керек. Бул жалпы бажы пошлинасынан көз каранды. Мисалы, биз уюмга мүчө болуп кирген жылы бажы пошлинасынан 1,9 пайызын алчубуз. Демек, жалпы аппарат кызматкерлеринин ушунча пайызы кыргызстандыктар болушу шарт", — деди Кожошев.

Ал эми департаменттерди мамлекеттер арасында бөлүштүрүүдө кайсы өлкө ошол тармакка көбүрөк муктаж болсо же иш алып барса, ошол мамлекеттин өкүлү жетекчи болуп келерин кошумчалады.