Чыгыш экономикалык форумунда жаратылышты коргоо маселеси каралды. Видео

Казакстан форумдун жүрүшүндө бул жаатта өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Владивосток шаарында Чыгыш экономикалык форуму өтүп жатат. Бүгүн иш-чаранын биринчи күнү.
Sputnik Ближнее зарубежье кыскача видео даярдаган.
2023-жылы шумкарлар түркүмүнө кирген куштарды сактоо боюнча декларацияга Россия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Монголия жана Бириккен Араб Эмирликтери кол койгон. Ал эми жыл башында ага Бахрейн кошулду.
Казакстан форумдун жүрүшүндө өзүнүн бул жааттагы тажрыйбасы менен бөлүштү.
Өлкөдө койгон маршруттарда шумкарлар уя сала турган аймактарга полициянын блокпосттору орнотулганын, бул браконьерлерден коргоо үчүн жасалганын айтышты.
Эске салсак, форумга дүйнөнүн 76 мамлекетинен 6000ге чукул кишинин катышары айтылган.
Sputnik — 2024-жылы өтчү Чыгыш экономикалык форумунун башкы маалыматтык өнөктөшү.
Владивостокто 6 миңден ашуун киши катышкан форум өтөт. Видео