Радио

Министр: быйыл кышында электр энергиясынын тартыштыгы жаралбайт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул суу сактагычында 12 миллиард 635 миллион метр куб суу бар экенин айтты.
Sputnik
Быйыл электр энергиясынын тартыштыгы жаралбайт. Алдын алуу үчүн тийиштүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Таалайбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыл сайын электр энергиясын керектөө өсүп жатат.
"Быйыл жайында жамгыр көп жаады, аймактарда сел жүрдү. Буга байланыштуу эл Токтогул суу сактагычында суу көп болушу керек деши мүмкүн. Жамгыр Нарын дарыясынын нугунда жааса суу көп болот. Бирок ага карабастан былтыркыга салыштырмалуу суу көп. Өткөн жылы ушул убакытта 11 миллиард 310 миллион метр куб болсо, азыркы убакта 12 миллиард 635 миллион метр куб суу бар. План боюнча 12,9 миллиард метр кубга чейин суу чогулат деп жатабыз. Белгилей кетчү жагдай, жыл сайын электр энергиясын керектөө 4-6 пайызга өсүп жатат. Мисалы, былтыр 12 миллиард 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын колдонсок, быйыл бул көрсөткүч 17 миллиард 800 миллион киловатт-саатты түздү. Экономика өсүп жаткан өлкөдө электр энергиясына болгон муктаждык дагы жогорулайт. Мына жакында эле 100 объект тапшырылды, бул деген жаңы 100 электр энергиясын колдонуучу ишкана пайда болду дегенди түшүндүрөт. Тапшырма коюлган, 2027-жылга чейин сырттан электр энергиясын алууну токтотуп, өзүбүздү толук камсыздап, экспортко чыгышыбыз керек. Учурда ушул багытта иштеп жатабыз. ГЭСтер курулуп бүткөнчө тартыштыкты кантип жоёсуңар деген суроо болушу мүмкүн. Кийинки жылга Казакстан, Россия, Түркмөнстан менен 3,4 миллиард, ал эми Өзбекстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын алууга келишим бар. Ал эми быйылкы боюнча дагы өзүнчө келишим түзүлгөн. Кийинки жыл боюнча айтсам, келишимдин документтери даяр. Бул сөзсүз түрдө алгыла дегенди билдирбейт, жетишпей калса алабыз. Энергетикада дайым резерв болушу керек. Анткени ар кандай кырдаалдар болуп калат", — деди Ибраев.
Ал ошондой эле өлкөдөгү энергетика тармагына ири инвестицияларды тартуу үчүн орчундуу иштер аткарылып жатканын белгиледи.