Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи АКШ Украинадагы курчуган абалдан кийин тынч отура албастыгын айтты

Дипломат Кошмо Штаттар истребителдерди, ракеталарды канча жөнөтсө да эми согуш талаасындагы абалды өзгөртө албастыгын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Украинадагы азыркы кырдаал курчуп отуруп дүйнөлүк чатакташууга айланып кетсе АКШ океандын ары жагында тынч отурбайт. Бул туурасында РФтин АКШдагы элчиси Анатолий Антоновдун айтканын РИА Новости жазды.
"Вашингтондун украин кризисин пайдаланып Европа менен Россияны кагылыштыруу идеясы ишке ашпайт. Украинадагы азыркы кырдаал курчуп отуруп дүйнөлүк чатакташууга айланып кетсе АКШ океандын ары жагында тынч отуруп калбайт", — деген ал журналисттерге.
Дипломат жалданма кишилерди кошпогондо деле истребителин же алыска атылуучу ракетасын, заманбап куралдарын канча жөнөтсө да Вашингтон эми согуш талаасындагы абалды өзгөртө албастыгын эске салды.
Элчи учурда Россиянын аймагында украиналык чабуулдарды кеңейтүү жаатында кеп болуп жаткандыгын белгиледи. Жергиликтүү басылмалар алыска атуучу америкалык куралдар менен Россияда чабуул коюла турган объектилердин тизмесин даярдоо боюнча кызуу талкууну жазган эле.
"Курск, Белгород облустарында аткылоого кабылган россиялыктар боюнча жоготуулар тууралуу маалыматтар эч кимди ойлонткон да, түйшөлткөн да жок. Америкалык куралдар менен үйлөр, ооруканалар жана көпүрөлөр талкаланды", — деп кошумчалаган Антонов.
Ал америкалык аткаминерлер украиналык согушкерлердин жырткычтык менен жасаган иштерин — адамдардын өлтүрүлүшүн, туткундар менен жөнөкөй кишилерди мазактоолорун көңүлгө албай келерин белгиледи.
Мурдараак АКШ Украина армиясынын америкалык ATACMS менен Россиянын түпкүрүнө чабуул коюшуна уруксат берилбестигин, бирок кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүндүгүн айткан. Кийинчерээк украин бийлиги ATACMS ракеталары менен РФтин аталган аймактарын аткылоого коюлган чектөөнү алып салууга жетишүү үчүн АКШга басым кылып жатканын жазышкан.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Украинанын Куралдуу күчтөрү Батыштын ракеталары менен Донбасс жана Новороссияны аткылап жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украина армиясынын Россиянын түпкүрүнө сокку уруу боюнча чектөөсүн албайт